Райондук сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды

Райондук сот Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө камакта калтырды
19-Июль 2018, Бейшемби, 18:27

Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарды. Ал эми Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт. Мындан улам чечимге нааразы тарап шаардык сотко даттана турганы белгилүү болду.

А.Ибраимов 2018-жылдын 19-июлунда кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына киргизилген.

Буга чейин А.Ибраимов тергөө иш чараларын жүргүзүү максатында тергөөчү тарабынан бир нече ирээт чакырылган. Бирок эгерде УКМК күч менен кармай турган болсо куралдуу каршылык көрсөтөөрү туралуу коркутуу үркүтүүлөрдү айтып, тергөөчүнүн чакыруусун четке кагып келгенин УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады

Атайын кызмат маалымдагандай, Башкы тергөө башкы башкармалыгы тергеп жаткан бир нече кылмыш ишинин алкагында А.Ибраимовдун мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгы бар экендиги боюнча ишенимдүү маалыматтар алынган.

Тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1,2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон ТНК “Дастан” ААК жогорулатылган баада атайын каражаттарды сатып алып ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана сатып түгөтүү фактысы боюнча тергөө аракеттеринин алкагында А.Ибраимов ТНК “Дастан” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп турган учурда ТНК “Дастан” ААК коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча ири контрактка келишим түзүү үчүн сатуучудан сый акы катары 270 000 АКШ доллар алган.

Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши тергелүүдө. Анын алкагында “Солнечный берег” пансионаттын ААК 100 пайыз акция пакетин сатуу аркылуу ТНК “Дастан” ААК 152 млн. сомдон ашык чыгым келтирилген.

Ошондой эле коррупцияга каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп туруп өзү жана башка тараптардын материалдык кызыкчылыгы үчүн жеке жактарга жер участокторун мыйзамсыз бөлүп колдонууга бергендиги аныкталган.

2017-жылы А.Ибраимовдун түздөн-түз тапшырмасы менен жалпы аянты 5 га болгон жер тилкелери башка тараптарга берилип, андан кийин үчүнчү тараптарга кымбат баада сатылган.

Бишкек шаардык кеңеши тарабынан ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимине байланыштуу Ибраимов Албек Сабирбекович Бишкек шаарынын мэринин ээлеген кызматынан бошотулуп, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту