Жапаровдун маселесин кароо демилгеленди

Жапаровдун маселесин кароо демилгеленди
5-Апр. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров боюнча маселеси кароону күн тартибине киргизүү сунушталды.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жапаровду бир жагы жакындары менен жолугуштурбай жатканын айтып, ар бир фракциядан бирден депутат, акыйкатчы, төрагадан турган топ түзүп, анын абалынан кабар алууну демилгеледи.

Буга жооп катары төрага Чыныбай Турсунбеков Жапаровдун камалышы боюнча парламентте тийиштүү комитет иштеп жатканын белгилеп, анын жыйынтыгы чыкканда жалпы жыйынга алып чыгылары менен түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Садыр Жапаров 25-мартта чет мамлекеттен келе жатып казак-кыргыз чек арасында кармалган. Ага 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу акцияларда мыйзамсыз иш-аракет уюштурган деп айып тагылган.

2-апрель күнү Жапаров №1 тергөө абагынан оор абалда №47 абактын санитардык бөлүмүнө жеткирилип, мойнундагы жана колундагы кан тамырлары кесилгени белгилүү болгон.

Кечээ, 5-апрелде Жаза өтөө мамлекеттик кызматы Жапаровдун видеосун жарыялады. Анда саясатчы абалы жакшы экенин, эч кимге доосу жок экенин, колун жана мойнун кесүүгө кантип батынганын билбегенин, нес абалында болгонун айткан. Ошондой эле ал жаза өтөө кызматкерлери мыйзамды сакташы керектигин эскерткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!