Президент башкы прокурорду кабыл алды

Президент башкы прокурорду кабыл алды
5-Апр. 2017, Шаршемби

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 5-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкө башчысы 2003-жылы январда А.Ш. Атамбаев Измир шаарындагы өнөр жай ишканасындагы өзүнө таандык акциялар пакетин түркиялык ишкерге 45 млрд. түрк лирасына, тагыраак айтканда ал кездеги курс менен 35 млн. долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди башкы прокурорго берди.

Атамбаев бул материалдар анын үй-бүлөсүнүн акчалары 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген билдирүүлөргө карата жооп экенин жүйө келтирди.

«Өз киреше булактарын бир гана Атамбаев далилдеши керекпи? Өмүрбек Текебаев, ошондой эле анын бир катар партиялаштары жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү дагы өздөрүндө жана өздөрүнүн жакын туугандарында 2010-жылы 7-апрелден кийин пайда болгон көп миллиондуу кирешелери тууралу маалыматтарды берүүгө тийиш. 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында курман болгондордун ата-энелери менен балдары, ошол кезде оор жаракат алган жарандар талап кылып жатышат»,- деди Атамбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!