​Акылбек Жамангулов: "Милдетимди так аткарууга болушунча аракет кылып жатам"

​Акылбек Жамангулов:
18-Сен. 2018, Шейшемби, 11:55

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов коомдо болуп жаткан окуяларга ар дайым өзүнүн калыс пикирин билдирип келген жаш саясатчылардын катарын толуктап келет. Эл өкүлү саясаттагы ишмердүүлүгү жана жеке жашоосу тууралуу "Zaman Кыргызстан" маалымат агенттигине кыскача маек куруп берди.

- Сиздин бала-чагыңыз кайсы жерде өттү эле?

- Мен балыкчы шаарында төрөлгөм. Кийин окууну бүткөндөн кийин шаарга келдим. Ата-тегим Кеминден болот. Бирок, бала - чагым Балыкчы шаарында өттү. Мектепти ошол жерден бүтүрдүм. Алгачкы иш ордумду да Балыкчыдан баштагам.

- Саясатка кантип аралашып калдыңыз?

- Мен бизнесте иштеп калдым. Бизнесте иш алып барып жатканда мамлекеттик деңгээлдеги бут тосууларды, мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү көрүп, негизи эле мамлекеттик органдардын туура эмес багытта иштеп жатканын көрүп, саясатка аттанууга түрткү берди. Мен депутат болуп келе электе бизнес менен алек болдум. Көбүнчөсү Эл аралык долбоорлорду ишке ашырууда Кытай, Түркия мамлекеттери, Россиядагы инвесторлорменен бир топ ири долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. Азыр деле жаңы салыктар, жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча долбоорлор иштеп жатат. Мен ойлойм, бизнеске жакшы мыйзамдарды, шарттарды түзүп берүү Жогорку Кеңештин депутаттарынын негизги милдеттеринин бири деп. Республика Ата-Журт фракциясынын мурунку эки лидеринен сунуш түшүп, алтынчы тизмеде жаштардын квотасы менендепутат болуп келип, азыр өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү эки жылдан ашык улантып келе жатам.

- Парламент өз ишин баштоого киришти. Каникул учурунда эмне менен алектендиңиз?

- Каникул учурунда регламентке ылайык, бир ай эс алууда болдук. Бирок, көбүнчө мен убактымды элдер менен жолугушуп, көйгөйлөрүн угууга багыттадым. Бардык областтарды кыдырууга аракет кылдым. Тилекке каршы, бардыгын кыдырганга мүмкүнчүлүк болбон жок. Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Жалал-Абад областарына барып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буйруса жакынкы арадагы каникулдарда Баткен менен Ошко барганга жолугушууга барганга аракет кылам. Ар бир аймактын өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ысык-Көлдөгү негизги көйгөйлөр Кумтөрдүн ишмердүүлүгү, экологиялык коопсуздук, ирригациялык системалар, туризм маселелери. Чоң көйгөйлөр эл аралык инвесторлордун кен тармагындагы ишмердүүлүгү. Алар кандай натыйжалуу иш алып бара алат? Алардын мекемесинде иштеп жаткан биздин кызматкерлердин укуктары тебеленип жаткан маселелери боюнча. Чүй облусунда үй-бүлө курган жаш жарандарыбыз айылдан жер тилкесин алалы десе айыл өкмөттүн же райондук башкармалыктын трансформация кылып бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок. Көйгөйлөрдүн баары оозеки жана кагаз түрүндө келип түштү. Мен эми маселелерди чечүү жагында иш алып барам. Мен аларга жооп беришим керек. Ал эми Республикада окшош көйгөйлөрдүн бири таза суу маселеси, бала-бакчалардын жоктугу, билим берүү, медицинатармагындагы маселелер. Региондорго жаңы дарыгерлерди жөнөтүү боюнча саламаттык сактоо министрлигинин өзүн программасы болуш керек. Мунун баары мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү иш. Айтылган бардык көйгөйлөрдү дароо чече албасак дагы олуттуусун чечкенге аракет кылабыз.

- Сиз социалдык тармактарды активдүү колдонгон депутаттардын катарын толуктайсыз. Ал жактан да жарандардан келип түшкөн арыздардын өз убагында карап, жооп берүүгө жетишип жатасызбы?

- Ачыгын айтканда социалдык тармак бул абдан ыңгайлуу. Тез маалымат алганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Соцтармактан да өтө көп кайрылуулар келип түшөт. Аларга мен колдон келишинче эртерээк жооп бергенге аракет кылам. Мен социалдык тармак аркылуу өзүмдүн ишмердүүлүгүмдү элге таанытып, баарлашып иш алып барып жатканымдын себеби, мен Англияга барганда политологиянын профессору айтып калды: “Саясатчы кылган ишин элге жеткирбесе ал кылган ишин кылбаганга тете”, - деп. Саясатчы бизнесмен эмес, саясатчы мамлекеттик кызматкер. Менин оюмча, саясатчылар кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн ишмердүүлүгүн чагылдырып туруш керек.

- Сиздин оюңуз боюнча жаштардын саясатта орду кандай?

- Тилекке каршы, бизде жаштарга шайлоодо гана активдүү дем берип, күч берип аябай катуу пиар кылабыз. Бирок, шайлоо бүткөндөн кийин жаштарды унутуп калабыз. Жакшы жагы жаштардын арасында курч, илимдүүлөрдүн өсүп келе жаткандыгы. Саясатка аралашып жүргөн жаштар жаңы бир өзгөртүүлөрдү, жаңы инновациялык долбоорлорду алып келип жаткандыгы, тайманбагандары саясатка аралашпаган жаштарга жакшы дем берип жатат болуш керек деп эсептейм. Бардыгы тең убакыт менен, заман менен калыптанат, буга да биз мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

- Демек, жаштар бириге албай жатабы?

- Менин жеке оюмда биз жаштарды бириктире албай жатабыз. Жаштар кээ бир учурларда партияларга, кээ бир адамдарга саясий күч катары колдонулуп калып жатат. Жаштар келечекте саясаттагы өтө чоң орунду ээлегенге мүмкүнчүлүгү бар. Бир күч, бир багыт менен иш алып барсак туура кетебиз.

- Сиз өзүңүз эл өкүлчүлүк милдетти так аткарып жатам деп ойлойсузбу?

- Болушунча аракет кылып жатам. Так аткаруудамын дегенден толук алысмын, туура иштеп жатам деген нерсе. Адам болгондон кийин кээ бир жерлерден мүчүлүштүктөр кетет, адамбыз да... Баарын эле туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок, канча бир убакыт өткөндөн кийин туура эмес жасаган нерселериң билинип калат. Ошон үчүн убакыт, саат - бул тараза нерсе.

- Акыркы жолу качан, кимдин чыгармаларын окудуңуз эле? Деги эле китеп менен доссузбу?

- Мен китеп менен досмун. Бизнесте жүргөндө китепти көбүрөөк окучумун. Саясатка эки жылдан ашык аралашып калдым, китеп окуганга мүмкүнчүлүк аз болуп калат экен. Расмий иштерде, парламентте депутаттардын ишмердүүлүгү көрүнөт. Расмий иштер - бул палатанын, фракциянын отурумдары, тегерек үстөлдөгү жолугушуулар, конференциялар. Ага убакыт көп кетет. Андан тышкары, коомдук уюмдар, айылдан келген жаштар, жарандар менен жолугушуулар болот. Бирок, бул нерсени элге маалымат ирээтинде же ишмердүүлүк жөнүндө көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк жок. Ал эми китептерден мурунку бизнеске байланыштуу көбүнчө Ли Куан Юнун бизнес китептерин, ошол эле Стив Жобстун, ага чейин Трапттын, Путиндин китептерин, Березовский жөнүндө окудум. Азыр саясатка аралашкандан кийин бир-эки эле китеп окусам керек. Акыркы учурда Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармаларын бирин окудум. Мен өзүмдүн КМШ өлкөлөр аралык докладым бар эле. Өзүмдүн докладымды тууралап, маанилүү, мазмундуу жазганга Айтматовдун чыгармаларын кайра башынан окуп чыкканга туура келди.

- Үй-бүлөдө кандай атасыз?

- Албетте, үй-бүлөдө мен өзүмдү мактай албайм. Үй-бүлөм каалагандай убактымды бөлө албастырмын, бирок колдон келишинче жакшы ата, жакшы жолдош болууга аракет кылам. Бир уул, бир кызым бар. Ата-энем, келинчегим, балдарым жанымда, ошон үчүн мен өзүмдү бактылуу адаммын деп эсептейм.

- Саясатка аттанам деген жаштарга кеңешиңиз?

-Мен чет жакка иш сапарларга, жолугушууларга көп чыгам. Чет жактарда Кыргызстандык жаштар менен жолугууга аракет кылам. Ошол жерде окуп жаткан студенттер, бизнесте иштеген адамдар менен жолугуп, алардын жашоо турмушка көз караштарын карап, мамлекетке же өзүнө өзгөртүү киргизем деген адам жалгыз эле саясат аркылуу өзгөртүү киргизшпеш керек. Жакшы врач, жакшы мугалим болобу, өзүнүн мамлекетине чоң салым кошсо болот. Бизде кыргызда бир нерсе бар: “Кошунам экономист болуптур, сен дагы экономист бол. Менин тууганымдын баласы Бажыга орношуптур, сен дагы Бажыга бар”, -деген. Балким, ал бала чынында ашпозчу болгусу келет, же жакшы сүрөтчү болушу мүмкүн. Азыр карап көрсөңүз, жакшы адис кайсы тармакта болбосун ага талап жогору болот. Бардык жерде анын айлык маянасы өтө жогору болот. Ошон үчүн бардык жаштарга кааларым, өзүнүн жүрөктөрү менен тандаган кесиби менен ишин алып барып, ошол ишин майын чыгара иштегенин каалайм. Саясат – бул ченемдүү адамдардын тегереги. Алар да өзүнүн ишин алып барат, алар мамлекеттин бир багытын, нугун бура турган адамдар. Бирок, жеке оюм ар бир адам өзүнүн багытын өзү тандаш керек.

Жамангулов Акылбек Жекшенович

1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин шаарында туулган.

Билими:

2011 — Кыргызстан-Россия Славян университетинен "Каржы жана насыя" адистиги боюнча билим алган;

2014 — КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясында "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган;

2014 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан "Юриспруденция" адистигин бүтүргөн;

Эмгек жолу:

2003 — Балкычыдагы "Көк-Ойрок" ЖЧКсында;

2005-2006 — "Альфа Ширсфилд Аудит" ЖЧКнын кардарларды тартуу бөлүмүндө адис;

2006-2007 — "Альфа Маркетинг" ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер;

2007-2008 — "Арвин" ЖЧКсынын сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер;

2008 — "Тар-Суу" ЖЧКсында аткаруучу директор;

2008-2011 — "Кыргыз агроазык-түлүк корпорация" ААКысында башкы директордун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;

2011-2013 — "Манас" Эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү, президенттин жардамчысы;

2013-2014 — "Gold King Plus" ЖЧКсынын башкы директору;

2014-2015 — Кемин цемент заводунун "ZETH Cement" ЖЧКсынын аткаруучу директору; "Шанфэн ЗЭТ Цемент" ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча башкы директордун орун басары;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Республика — Ата-Журт" саясий партиясынан депутат болуп келген.

Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
18-октябрь: жаан-чачын күтүлбөйт
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Өкмөт башчы Айдарбековду колунан жетелеп жүрүп ТИМге алып бардыбы?
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Дүйнөдөгү сасык гүл гүлдөдү
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Тамганын жаңы ыры хит болуп жатат (видео)
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Назира Айтбекова: Ичип, өмүрүнө кол салат, туура эмес ишке барат
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Миллиардер космос тууралуу кыялын айтты
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
Каныкей: Жашоо бар! Жашоо чексиз!
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
ИИМ: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга  алынууда (видео)
Мугалим эжесине актанган окуучулар кызуу талкууга алынууда (видео)
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
50 жаштагы Джулия Робертс жана Николь Кидман кош бойлуу
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
101 депутат Айдарбековду ТИМге жетекчи болушун бир добуштан колдоду
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
Көп функционалдуу трансформер-текчелер (видео)
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
“Apple” “Asaii”нын стартабын сатып алды
Момбеков:
Момбеков:"Чалдардан өзүңүз чарчадыңызбы же чалдарыңыз чарчадыбы?"
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Абылгазиев Айдарбековдун талапкерлигин эмне үчүн тандаганын түшүндүрдү
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)
Майкл Джексонду туурап бийлеген робот ит (видео)