Абдывахап Нурбаев: Губернаторлорду жоюш керек

Абдывахап Нурбаев: Губернаторлорду жоюш керек
19-Сен. 2018, Шаршемби, 14:22

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Губарнаторлорду жоюп, алардын айлыгын мугалимдерге кошуп берүү демилгесин Кыргыз Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына дайындоого көрсөтүлгөн талапкерлерди кароо маалында өкмөт башчы Мухамммедкалый Абулгазиевге сунуштады.

“Азыркы убакта балдардын билими чоң көйгөй болуп жатат. Мектептерде 60ка чейин окууучулар болуп жатат. Улуттун келечеги ар бир баланын сапатынан аныкталат. Менден сунуш: областтардагы өзүңүздүн өкүлчүлүгүңүз губернаторлорду жоюп, ошолордун айлыгын толук мугалимдерге айлык кылып кошуп берип, кеминде 20 миң сом кылбасак мамлекетке оор болот, ушуну эске алып коюңуз. Алардын кереги жок, сиз ар бир аким менен түз сүйлөшө аласыз, ар бир акимди таанып, маселесин да чече аласыз”, - деди эл өкүлү.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!