УКМК: Өмүрбек Бабановго козголгон иш токтотулган

УКМК: Өмүрбек Бабановго козголгон иш токтотулган
19-Сен. 2018, Шаршемби, 17:33

"Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин тагдыры кандай болуп жатканын кызыкты.

“Республика Ата-Журт" партиясынын экс-лидери Бабанов Өмүрбек Токтогуловичке Он - Адырдагы сүйлөгөн сөзүнө улуттар арасындагы арыздашуу деген себеп менен кылмыш иши ачылды. Беш эл аралык жана ошондой эле биздин эксперттердин бардыгы эч кандай арыздашуу жоктугун билдирип, маалыматтар берилди. Бир жарым саатык видеоматериалы бар, ал дагы берилди. Ошол материалдарды карап көрдүңүзбү?”, - деп сурады Казакбаев.

УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркуловдун айтымында, ага козголгон иш убактылуу токтотулган.

“Ал материалдарды биз кылмыш ишине тиркегенбиз, кылмыш ишинин алкыганда каралып жатат. Бирок, сурамдарга жооп күтүп жатабыз, иш токтоп турат”,- деди УКМКнын төрагасы.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов президенттик кызматка талапкер катары шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталганын Башкы прокуратура билдирген.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмү (конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө үндөө) жана 299-беренесинин 1-бөлүмү (улуттук жана диний кастыкты козутуу) менен козголгон.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Имбирдин ден-соолукка пайдасы
Имбирдин ден-соолукка пайдасы
Жаңы жылда балдарга кандай белек берүү керек?
Жаңы жылда балдарга кандай белек берүү керек?
Калилов:
Калилов: "«Тез Жет» авиакомпаниясынын жабылуу коркунучу бар!"
Өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (видео)
Өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (видео)
Кышында эмне себептен мээбиз жай иштеп калат?
Кышында эмне себептен мээбиз жай иштеп калат?
Сүрөттүн автору Марков пикир жазгандарга нааразычылык билдирди
Сүрөттүн автору Марков пикир жазгандарга нааразычылык билдирди
Кечээ КР Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова 65 жашка  толду
Кечээ КР Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова 65 жашка толду
​Нурмагомедов менен Макгрегорду жазалоо иши алдыга жылды
​Нурмагомедов менен Макгрегорду жазалоо иши алдыга жылды
Абу-Дабиде кайгуул кызматкерлери төө менен иш алып барат
Абу-Дабиде кайгуул кызматкерлери төө менен иш алып барат
Гүлзат Мамытбектин үйлөнүү үлпөтү Голливудда өтөт
Гүлзат Мамытбектин үйлөнүү үлпөтү Голливудда өтөт
​Роналду Модричти “Алтын топ” сыйлыгы менен куттуктады
​Роналду Модричти “Алтын топ” сыйлыгы менен куттуктады
 Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо долбоору каралды
Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо долбоору каралды
​Клубдук дүйнө чемпионатынын катышуучулары аныкталды
​Клубдук дүйнө чемпионатынын катышуучулары аныкталды
 Кайрат Нуртас
Кайрат Нуртас "Күттүм айды" казакча ырдап чыкты (видео)
Өзүңүз тууралуу билгиңиз келеби?
Өзүңүз тууралуу билгиңиз келеби?
Инстаграмда үн коштогон жаңы функция пайда болду (видео)
Инстаграмда үн коштогон жаңы функция пайда болду (видео)