Момбеков: Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экен да? (видео)

Момбеков: Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экен да? (видео)
27-Сен. 2018, Бейшемби, 17:15

Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоо – бул мамлекеттик тилди мазактоо! Бул тууралуу депупат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Улуттук тил комиссиясы чыгарган үч айлык жарлык мамлекетти мазактоо болуп эсептелинет.

Өткөн жумада кыргыз эли менен тамырлаш кыргыз тилинин эгемендик алганына 29 жылдыгы болду. Президенттин алдындагы тил коммиссиясынын түзүлгөндүгүн 20 жылдыгы болду. Буга ылайык, президентибиз калайык калкка кайрылуу жасадады. “Биздин максатыбыз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө үчүн мамлекеттик тил саясатын максаттуу жүзөгө ашыруу керек”, - деп. Бир күндөн кийин улуттук тил комиссиясы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу “эне тил жана Айтматов деген аталыштагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады” дейт. Мен Кыргызстанда англис тилинин үч айлыгын жарыяланса кабатыр болбойт элем. Мен Кыргызстанда орус тилинин алты айлыгы жарыяланса кабатыр болбойт элем. Бирок, Кыргызстанда кыргыз тилинин үч айлыгын жарыялоо деген - бул мамлекеттик тилди мазактоо, Манастын тилин мазактоо, кыргызга кыянаттык кылган болот. Мамлекеттик тил мамлекет менен кошо жашап өмүр сүрөт, ал үч айга же төрт айга квартирант болуп кирбейт. Эмне деген жарыялоо? Кыргызстанда кыргыз тили квартирант экен да? Үч ай эле кыргыз тилинде сүйлөйт экенбиз, калган тогуз ай аралаш тилде сүйлөйт экенбиз да”, - деди эл өкүлү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!