​ЖК комитети Кулубаевди Казакстанга элчи болушун колдоду

​ЖК комитети Кулубаевди Казакстанга элчи болушун колдоду
2-Окт. 2018, Шейшемби, 13:39

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ал Москва аскер институтун, андан кийин Кытай Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн.

1992-жылдан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап келет. Кыргыз, орус, англис, кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. Бул кызматка анын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Эскерте кетсек, 2016-жылдан бери Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин орду бош турган. Буга чейин элчилик кызматты Эсен Өмүралиев 2012-жылдын февралынан 2016-жылдын апрелине чейин жетектеп турган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!