Лунара Мамытова Башкы прокуратурага чакыртылды

Лунара Мамытова Башкы прокуратурага чакыртылды
2-Окт. 2018, Шейшемби, 14:33

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытова Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул маалыматты аталган кызматттын басма сөз кызматы тастыктады . Ага ылайык, жетекчилер кызматтык жана дипломатиялык паспорт тууралуу түшүндүрмө берип чыгышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин министри, анын орун басары чет өлкөдөгү боло турган семинар, жолугушууларга адистердин ордуна өзүлөрүн жаздырып алганын айтып, эс алуу учурунда да дипломатиялык паспортту колдонгондору тууралуу маалыматты териштирүүнү тапшырган эле.


“Кечээ дагы Зууракан Каденова биздин угушубузча эмгек өргүү кезинде дипломаттык паспортту колдонгон. Биз мисалы үчүн жумуш менен иш сапарларга чыгабыз. Бирок, дипломаттык паспортту эс алууга же өзүбүздүн максатыбызга колдонууга болбойт, тыюу салынат. Андан тышкары, премьер-министр уруксат бербеген мезгилде дагы көбүнчө министрлер, дал ушул министрликтин өкүлү эмгек өргүүдө жүргөм деп жатат. Премьер-министрдин уруксаты жок, бирок дароо эмгек өргүүсүн алып алышат экен. Социалдык коргоо министрлигин эле алайын, менде көптөн бери суроо жаралып калган, себеби ЮНИСЕФтен, эл аралык уюмдардан Кыргызстанга көп эле акча келет. Алардын көбүн биз пайыз менен кайтарышыбыз керек. Алар балдарга, жакыр үй-бүлөлөргө келет, эң жакыр катмарларга келет. Бул акчалар министрдин же алардын туугандарын каржылоого жумшалбашы керек”.

Эмгек жана социалдык өнүгүү жетекчилиги тарабынан дипломаттык паспорттордун жеке максатта пайдаланылган фактыларын аныкталып жана министрликте жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн алкагында «Тышкы миграция жөнүндө», Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө Жобонун талаптары боюнча бир катар мыйзам бузуулар тастыкталганын Башкы прокуратура маалымдаган.

Ага караганда, 2018-жылдын 12-сентябрында иштеп жаткан жана бошотулган министрликтин кызматкерлеринин дипломаттык жана кызматтык паспортторун берүүдө, пайдаланууда жана кайтарууда талаптагыдай иштерди уюштурулбагандыгына байланыштуу жогоруда белгиленген министрликтин адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдүн башчысына Башкы прокуратурасы тарабынан административдик укук бузуу жөнүндө өндүрүш козголуп, материалдарды карап чыгуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун сотуна жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык паспортторду жеке максатта пайдаланган фактылары аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!