Жээнбеков менен Мадумаров кадр маселесин талкуулады

Жээнбеков менен Мадумаров кадр маселесин талкуулады
17-Окт. 2018, Шаршемби, 09:48

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда, Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ведомствонун ишинин натыйжалары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматынын алдына мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүү, кадрлардын Улуттук резервинин иш механизмин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын реформалоо маселелери коюлганын эске салды.

Мамлекет башчысы мезгил талабына ылайык түзүлгөн кадрлардын Улуттук резервинин системасын калыптандыруунун маанисин белгиледи. Кадр кызматын жалпысынан жакшыртуу боюнча жаңы милдеттерди коюп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кенже кызматкерлеринен тартып, мамлекеттик кызматка кесипкөй кызматкерлерди тартуу жана алардын мындан аркы карьералык өсүшүн камсыздоо максатында ачык сынактарды өткөрүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров кадрлардын Улуттук резервин түзүү боюнча биринчи этап аягына чыкканын маалымдады.

2018-жылы сынакка 715 адам катышып, тандоонун негизинде кадрлар резервине 35 адам өткөн. Анын ичинен экөө жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалды.

Акрам Мадумаров 2019-жылы жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, райондук жана облустук администрациялардын жетекчилери жана ошондой эле жогорку мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн окуу баштала турганын айтып берди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту