Президент шаардык кеңешти таратты

Президент шаардык кеңешти таратты
14-Апр. 2017, Жума

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттарын таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо боюнча буйрукка кол койду.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары коалиция түзүү, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо жаатында бир мунасага келе албай, соңунда таркап кетүү чечимин кабыл алышкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 11-декабрында Жалал-Абад шаардык
кеңешине КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата-Журт", "Ата-Журт",
"Өнүгүү-Прогресс" партиялары келишкен.

Беш-алты ирет жыйынга чогулуп, бирок иштиктүү кадам жасай албаган
шаардык кеңештин депутаттарын жергиликтүү бийлик сындап, шаар бюджети
бекитилбегенин, орчундуу делген долбоорлор ишке ашпай жатканын сынга
алган. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош,Талас жана Чүй облустарындагы айылдык кеңештер да таратылды. Шайлоо 28-майда өтө турган болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!