Түлеев учакта экс-президент менен эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты

Түлеев учакта экс-президент менен эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты
23-Окт. 2018, Шейшемби, 09:47

Экс-мэр Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бирге түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына жарыялады. Көп өтпөй экс-президент менен эмнелер тууралуу сүйлөшкөнү боюнча түшүндүрмө берди. Анда, кадр саясаты, сот, күч органдарынын реформалары тууралуу сүйлөшкөнү айтылат.

Соц.тармактын колдонуучулары бул сүрөттү талкуусуз калтырган жок. Дегеним, Түлеевдин алгачкы жазган сөздөрүн сындагандар, ал гана эмес убагында “Алмазбек Атамбаев менен керек болсо ажатканада да бирге олтурбайм” деген сөзүн эскерткендер, Отто Бисмарктын “саясатта түбөлүктүү дос да жок, түбөлүктүү кас да жок, кызыкчылыктар гана бар” деген таамай айтылган сөзүн эстегендер, саясат билим эмес искусствобу? деген суроого жооп издегендер да көп болду.


Түлеевге козголгон кылмыш иши

Түлеев 2013-жылы коррупциялык иштер боюнча айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган.

Экс-мэрдин үй-мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөмөй болгон. Ал "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деген айып тагылып, 2012-жылы камакка алынган. Түлеев амнистия алып, келтирилген чыгымдарды толугу менен төлөп эркиндикке чыккан.

Алмазбек Атамбаев Россияга эмнеге кетти эле?

КСДПнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Алмазбек Атамбаев 24-27- октябрда Азиядагы саясий партиялардын эл аралык конференциясына катышат. Тегерек столдо Азия, Африка жана Латын Америка мамлекетинин партияларынын лидерлери жана өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү жана суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөө маселелери талкууланат. Иш-чара Москва шаарында 24-27-октябрда өтөт.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле 22-23-октябрда Санкт-Петербург шаарында жеңеси Е. Шаршенованы акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышат.

28-октябрда аталган иш-чаралар бүткөн соң Бишкек шаарына кайтып келери айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстан чемпионатына 9 команда катышат
Кыргызстан чемпионатына 9 команда катышат
​Атактуу футболчу коронавирус жуктуруп алды
​Атактуу футболчу коронавирус жуктуруп алды
​АФКнын кубогунун тайпалык командалары белгилүү болду
​АФКнын кубогунун тайпалык командалары белгилүү болду
АКШнын конгрессмендери менен иммиграциялык чектөө маселеси талкууланды
АКШнын конгрессмендери менен иммиграциялык чектөө маселеси талкууланды
Дени сак болуш үчүн эртең менен жасаган кыймыл-аракет маанилүүбү?
Дени сак болуш үчүн эртең менен жасаган кыймыл-аракет маанилүүбү?
​Олимпиада-2020: Азиянын лицензия берүүчү мелдеши Бишкекте өтпөй турган болду
​Олимпиада-2020: Азиянын лицензия берүүчү мелдеши Бишкекте өтпөй турган болду
Мектепке электрондук каттоо: 28-февралга карата 7 миң арыз түштү
Мектепке электрондук каттоо: 28-февралга карата 7 миң арыз түштү
Кызылча жана капуста бырышка каршы азыкпы?
Кызылча жана капуста бырышка каршы азыкпы?
29-февраль: абанын температурасы +15 градус болот
29-февраль: абанын температурасы +15 градус болот
Кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырышты
Кыргызстандыктарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырышты
Идеалдуу салмак кандай болуш керек?
Идеалдуу салмак кандай болуш керек?
Коронавирус жуктургандардын 46 пайызы айыкты
Коронавирус жуктургандардын 46 пайызы айыкты
Бат арыктатуучу беш күндүк диета
Бат арыктатуучу беш күндүк диета
"Love is..." мелодрамасы 5-марттан баштап көрсөтүлөт
Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандардын санын чектөө сунушталды
Коронавируска байланыштуу жума намазга баргандардын санын чектөө сунушталды
Сапаргүл Абдинабиева: Улан тууралуу интервью берүү оор болду
Сапаргүл Абдинабиева: Улан тууралуу интервью берүү оор болду