Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды

Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталды
14-Апр. 2017, Жума

Азыркы саатка карата “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында Россия, Казакстан, Кыргызстан, Белоруссия, Армения жана Молдова мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын катышуусунда ЕАЭБдин жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйыны башталды.

Жыйынга Кыргызстан төрагалык кылууда.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына келген президенттер
мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен өзүнчө жолугушуп, кеңири
чөйрөдөгү жыйын башталды.

Президент Алмазбек Атамбаев жыйынга төрагалык кылуу ишенимин көрсөткөн
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына ыраазычылык билдирди.


Аталган бирликтеги интеграция, бизнес, инвестиция, мигранттарды пенсия
менен камсыз кылуу жаатындагы иш аракеттердин ишке ашыруу чаралары
талкууланып, Молдава мамлекетине ЕАЭБге байкоочу макамын берүү
маселесин карашат.


Эскерте кетсек, ЕАЭБге Россия, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан жана
Армения мамлекеттери мүчө. Кыргызстан бул уюмга 2015-жылы 12-августта
кошулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!