Бишкекте ЖККУнун бейрасмий жолугушуусу өтөт

Бишкекте ЖККУнун бейрасмий жолугушуусу өтөт
14-Апр. 2017, Жума

Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынан кийин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин президенттеринин бейрасмий жолугушуусу өтөт.

Анда аймактык бүтүндүктү чыңдоо, уюмдун мындан аркы өнүгүү аракеттери
тууралуу маселе талкууланат.


ЖККУнун жолугушуусуна катышуу үчүн бүгүн Тажикстандын президенти
Эмомали Рахмондун келиши күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, ЖККУга Армения, Беларуссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө. Кыргызстан бул уюмга 1992-жылы 15-майда кошулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!