Путин: Кыргызстандын товары 38 пайызга өстү

Путин: Кыргызстандын товары 38 пайызга өстү
14-Апр. 2017, Жума

Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдиги жакшы үзүрүн берип жатканын билдирди. Ал Россиянын рыногунда ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган айыл чарба азыктар 62 пайызды түзгөнүн, Кыргызстандын тигүү тармагынан экспорттолгон жеңил өнөр жай товары 38 пайызга жеткенин статистикалык маалымат менен бекемдеди.

Ошондой эле орус президенти Путин Кыргызстандын бажы кызматын
модерназициялоонун алкагында электрондук көзөмөл киргизиле турганын
маалымдады.


Бүгүнкү жыйынга ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин: Россия, Казакстан,
Армения, Белорусия жана Кыргызстандын президенттери, ошондой эле
жаңыдан байкоочу макамы берилген Молдованын мамлекет башчысы катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!