Президенттин Түркияга жасаган иш сапары (фото)

Президенттин Түркияга жасаган иш сапары (фото)
30-Окт. 2018, Шейшемби, 12:54

Президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, өлкө иш сапарынын алкагында башка Мамлекет башчылары менен бирге Стамбул шаарындагы жаңы аэропорттун ачылыш аземине да катышты.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкуулашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!