Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра карайт

Прокуратура Садыр Жапаровдун ишин кайра  карайт
26-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 09:16

Бишкек шаардык прокуратурасы жаңы жагдайларга байланыштуу камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

«Бишкек шаардык прокуратурасы менин жазган арызымды карап чыгып, “жаңы жагдай жок” деген Биринчи Май райондук прокуратурасынын токтомун жокко чыгарды. Башкача айтканда, жаңы жагдайлар кайра каралып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн ишти кайра Биринчи Май райондук прокуратурасына тапшырышты. Райондук прокуратура 1-декабрга чейин жаңы жагдай боюнча кароо үчүн ишти райондук сотко жибериши керек»,-деди жактоочу.

Ушул жылдын 13-июнунда Жогорку сот экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин карап, мурдагы чыккан чечимди күчүндө калтырган.

Ал эми анын жактоочусу мындай чечимге каршы экенин билдирип, жаңы жагдайлар боюнча шаардык прокуратурага кайрылган.

Камактагы саясатчы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча айыпталып, Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка калтыруу чечимин чыгарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту