Иса Өмүркулов Улукбек Кочкоровдун ишин сынга алды (видео)

Иса Өмүркулов Улукбек Кочкоровдун ишин сынга алды (видео)
27-Ноя. 2018, Шейшемби, 17:31

Бүгүн, 27-ноябрь күнү Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун айрым жагдайлардагы ишин сынга алды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде коррупциялык иштер, атап айтканда майыптуулугунун тобун жогорулатуу фактылар бар экенин айткан депутат 1-топтогу буту-колу жок майып адамдарга дароо эле жөлөк пул бериши керектигин айтты.


Өз кезегинде министр Улукбек Кочкоров министрликтин ичинде социалдык жардамдын корпоративдик медициналык системасы менен бирге жумушчу топ иштеп жатканын баса белгиледи. Министр кээ бир учурда майыптуулугун жорулатып койгон фактылар бар экенин моюнга алып, бул боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган комитет “БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Кыргызстанда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 184 миң адамды түзөт.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
ӨКМ: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү ыктымал
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
“AMAZON” эң кирешелүү компания деп табылды
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Былтыр Кыргызстан боюнча 1 миллион тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Чүйдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты