Атамбаевдин Өзбекстанга баруусу күтүлүүдө

Атамбаевдин Өзбекстанга баруусу күтүлүүдө
18-Апр. 2017, Шейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен баруусу күтүлүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, учурда өлкө башчынын иш сапарынын датасы такталып жатат.

Маалыматтарга ылайык, эки өлкө ортосундагы чек аранын миң чакырымга жакын бөлүгү такталып, президент кесиптештер расмий Ташкентте чек ара келишимине кол кое тургандыгы айтылган.

Эскерте кетчү жагдай, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 10-апрелде он күндүк сүйлөшүү Өзбекстандын Наманган шаарында башталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 20 пайыздан ашыгы же 324 чакырымы тактала элек.

Атамбаевдин Өзбекстанга сапары коңшу мамлекетте жаңы президент шайлангандан бери экинчи сапары. Ал акыркы жолу өткөн жылдын декабрь айында барып, маркум президент Ислам Каримовдун мүрзөсүнө зыярат жасаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!