Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров каза болду

Өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров каза болду
5-Дек. 2018, Шаршемби, 09:22

Өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн мурдагы депутат Кадыржан Батыров 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда 62 жашында көз жумду.

Бул маалыматты “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматына Кадыровдун жакындары ырасташты. Маалыматта «4-декабрга оогон түнү Кадыржан Батыров куптан намазын окугандан кийин жатып, ойгонгон эмес» деп жазылган.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан" деген айып тагылып, Ош шаардык соту өмүр бою эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!