Эльвира Сурабалдиева Сокулуктагы коррупциялык маселени көтөрдү (видео)

Эльвира Сурабалдиева Сокулуктагы коррупциялык маселени көтөрдү (видео)
5-Дек. 2018, Шаршемби, 15:53

Бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Үрөнчүлүктү мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда талкууланды.

Анда депутат Эльвира Сурабалдиева үрөн чыгаруучу изилдөөлөр кайсыл жерлерде өтөрүнө кызыгып, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн үрөн жана мал чарба илимий изилдөө институтуна тиешелүү адамдар 300 гектар жерди жергиликтүү тургундарга арендага берип жатканын айтты. Депутаттын айтымында, бул жерде коррупциялык иштер аралашкан.


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жыйын бүткөн соң аталган дарекке бара турганын айтты.

Бүгүнкү талкууда республика аймагында жалпысы 109 үрөн чарбасы, алардын 31 519 гектар жалпы айдоо аянты бар экендиги, жылына орточо түшүмдүүлүк 31 центнерден болуп жаткандыгы, келерки жылга буудай үрөнүн дотацияга киргизилип жаткандыгы белгилүү болду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!