Текебаев 25-майга чейин камакта калды

Текебаев 25-майга чейин камакта калды
24-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Жогорку Кеңештин абактагы депутаты, “Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 25-майга чейин абакта калтырылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады. Буга чейин ушундай эле чечим экс-депутат Дүйшөн Чотоновго карата чыгарылган болчу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) маалымат кызматы билдиргендей, атайын кызматтын тергөөчүлөрү эки саясатчыга байланышкан документтерди Биринчи Май райондук сотуна 20-апрелде берген.

21-апрелде тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча акыркы айыбы угузулду.

Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов 25-февралда камакка алынып, орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы "Мегаком" ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айткан көрсөтмөсү негиз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!