Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)

Төрөбаев: Айып пул боюнча өкмөт уят болду (видео)
16-Янв. 2019, Шаршемби, 14:33

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдардын аткарылышы тууралуу маселе көтөрүп, өкмөттүн ишин сынга алды.

“Айып пул боюнча беш кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Айып пул боюнча өкмөт уят болду. Же уят болгон жокпу? 5500 сомду төлөйм деген баладан райондук администрация айыпты ала албай жатат. “Беш кодекс, эки мыйзамды аткарууга даярданалы” деп жарым жылдан бери айтып келет. Эмне болду, Өкмөт? Мыйзамдын аткарылышын биз көзөмөлдөйбүз. Өкмөттү чакырып алып чет мамлекеттен келген жарандар, мыйзам боюнча сурашыбыз керек”, - деди депутат.


Ал ошондой эле өкмөт маалымат жеткирүү жагынан аксап жатканын айтып, Жогорку Кеңеште өкмөттүн маалыматын угууну сунуш кылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!