Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды
4-Фев. 2019, Дүйшөмбү, 09:57

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Тишелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

58 жаштагы генерал-майор Өмүрбек Суваналиев буга чейин укук коргоо органдарында кызмат өтөп келген. Эмгек жолун 1981-1986-жылдары Талас ОИИБде ыкчам кызматкерден баштаган. 2005-жылы ИИМдин орун басары, 2006-жылдан 2007-жылга чейин ИИМ министри кызматын аткарууусу, 2008-2010-жылдары Нарында губернатор болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!