Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?

Сурабалдиева: Силер эмне уктап жатасыңар?
21-Фев. 2019, Бейшемби, 16:02

Коңшу Казакстанда бензиндин баасы арзандаганы менен Кыргызстандагы бензиндин баасы деле кымбат болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыкты.

“Казакстанда бензиндин баасы түшкөнү баарыңарга белгилүү. Бензиндин баасы түшсө деле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы айырма 10-15 сом болуп жатат. Негедир азыркыга чейин казактар бензинди арзаныраак алып келгенге даяр экен. “КазМунайГаздын” орун басары “Күздөн баштап Кыргызстанга жиберебиз. Болжол менен Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан менен 400 миң тонна мунай затын жеткиребиз. 2019-жылы көлөмүн 1 млн.го чейин жеткиребиз” деп айтканына жарым жыл өтүптүр. Эмнеге Кыргызстандын кымбат бензинин биз колдонуп жатабыз? Эмнеге биздин Өкмөт, экономика министри карапайым элди ойлобойт? 10 сом айырма болуп жатат. Силер эмне уктап жатасыңар?”,- деди депутат.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, эки тараптуу келишимдин алкагында күйүүчү, майлоочу майлар Бажы төлөмү жок Россия өлкөсүнөн келген, ал эми Казакстанда бензин тартыш болуп турган. Былтыркы жылы 100 тонна АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди Кыргызстанга алып келүү келишими түзүлүп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетине тиешелүү тапшырмалар берилген.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин орун басары Жыргалбек Сагынбаев учурда казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты:

Бүгүнкү күнү келишим боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бир пункт боюнча алар өзүлөрүнүн Тышкы иштер министрлиги макулдук бериши керек деп тайм-аут алышкан. Биз эртең видеоконференция жасап, ошол маселелерди чечебиз. Аз казды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Октябрда Жогорку Кеңешке 642 миң доллардан ашык айлык берилди
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Президент Шайлоо комиссиясынын 30 жылдыгы менен куттуктады
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Республикада 4 миң тоннадан ашык торт өндүрүлдү
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
Рухани: Эң оор күндөрдү баштан өткөрүп жатабыз
 Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Тышкы соода жүгүртүү 5 млрд доллардан ашты
Кызамыктын алдын алыңыз!
Кызамыктын алдын алыңыз!
Абылгазиев:
Абылгазиев: "Бийлик өнүгүү максаттарына жетүүдө биримдикти көрсөтүштү"
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Кытайдан Кыргызстанга 161,7 млн долларга бут кийим импорттолгон
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Эки беттүү мышык аман калууга аракеттенүүдө
Жунушалиев:
Жунушалиев: "Саймаитиге Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган"
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Назарбаев Путин-Зеленский саммитине ортомчулук кылууда
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Кайсы таттууларда зыяндуу кошулмалар бар?
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Элмира Таджиева: “Учурда үнү жок, билими жок болсо да аракети күч жаштар арбын”
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Арыкташ үчүн кирди да, идишти да колго жууңуз!
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Россиядан Кыргызстанга 191,3 млн долларга бааланган мунай жеткирилди
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт
Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алууга шарт түзүлөт