Кыргызстанда абанын булганышы, анын кесепеттери учурда олуттуу көйгөйгө айлангандыктан Жогорку Кеңеште “Таза аба” долбоору боюнча коомдук угуу өтөт. Абдывахаб Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Бакиров баштаган бир катар депутаттар “Таза аба” долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү демилгелөөдө.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө да жүргүзүлгөн. Бул изилдөөнүн негизинде абанын булгануусуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат.

Алгачкы жолу “Таза аба” долбоору боюнча 1-мартта саат 14.30да Жогорку Кеңештин күн батыш залында коомдук угуу өтөт.