Карганбек Самаков абактан бошотулду

Карганбек Самаков абактан бошотулду
13-Март 2019, Шаршемби, 15:37

Жогорку Кеңетин мурдагы депутаты Карганбек Самаков абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова тастыктады.

Маалыматка караганда, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Самаков жатак абагына которулган. Ал жалпы мөөнөтүнүн 3/2 бөлүгүн өтөп бүткөн.

Карганбек Самаковго "Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган" деген айып тагылып, 2015-жылдын 14-майында кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Карганбек Самаковду 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин кабыл алган. Шаардык сот чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Бул кылмыш боюнча Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиевге 5 миллион сомдон айып пул салынса, издөөгө алынган Арстанбек Ногоев, Курманбек жана Жаныш Бакиевдерге 10 жылдан жаза мөөнөтү берилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!