Жээнбеков: Биз өнүгүп келе жаткан, экономикасы ачык мамлекетпиз

Жээнбеков: Биз өнүгүп келе жаткан, экономикасы ачык мамлекетпиз
11-Апр. 2019, Бейшемби, 12:44

Бүгүн, 11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште кайрылуу жасап, ал 30 мүнөттөн ашык созулду. Өлкө башчы өзүнүн кайрылуусунда жалпысынан ишкерлерге түзүлгөн шарттар, өлкөдөгү инвестициялык климат, коррупцияга каршы күрөш жана сот реформасына токтолду.

Биз өнүгүп келе жаткан, экономикасы ачык мамлекетпиз. Дүйнөдөгү процесстерден четте кала албайбыз. Аларды биз ийкемдүү пайдалана билсек өлкөбүздүн өнүгүү темпи ыкчамдайт. Сөзсүз эске ала турган, таасири тийип жаткан глобалдуу тенденцияларга көӊүлүӊөрдү бура кетейин. Биз өтө уникалдуу, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн бурулуш мезгилде жашап жатабыз. Анткени адамзат жаралгандан баштап, ХХ кылымдын башына чейин Жер бетиндеги калктын саны болгону 1,6 млрд. адам болчу. Азыр Жер шарынын калкы 7,7 миллиарддан ашып, 120 гана жылдын ичинде 6 млрд. кишиге көбөйдү. Калктын мындай тез өсүүсү Азияда, негизинен бизге жакын мамлекеттерде байкалууда. Демек, бул чөлкөмдө жаратылыш ресурстары, суу жана азык-түлүк үчүн атаандаштык күчөйт. Биздин жакынкы тегерегибиздин да өзгөрүү динамикасы абдан ыкчам болууда. Кытай Эл Республикасы жыл сайын 7 млн. адамга көбөйүп жатат. Казакстан жылына 240 миӊ, Өзбекстан 550 миӊ, Тажикстан 200 миӊге жакын адамга көбөйүүдө. Ал эми Кыргызстан жылына 122 миӊ адамга өсүп жатат. Биздин 700 миӊге жакын жараныбыз сыртта, миграцияда жүрөт. Эми биз бул кырдаалды өтө тереӊ анализдеп, миграциялык саясатыбызды гана эмес, жалпы эле социалдык саясатыбызды өзгөртүшүбүз керек. Жогоруда көрсөтүлгөндөй, биз адам ресурстарынын саны менен эмес, сапаты менен гана алга жыла алабыз.

Президент ошондой эле билимге, ден соолукка өзгөчө көӊүл буруп, адам потенциалын өстүрүүгө, жаӊы технологияларды өздөштүрүп, коом турмушуна киргизүү муктаж экенин белгиледи:

“Билим жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңылануу болушу үчүн, ушул тармакта иштеп жаткан мекендештерибиздин социалдык абалын чыңдоого милдеттүүбүз. 2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк врачтарга жогорулатканбыз. Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууну караштырып жатабыз. Ал эми мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз. Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат. Буйруса мектептеги агай-эжелерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт. Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик органдардагы жаш адистердин да айлыгы төмөн. Алардын да айлыгы этап-этабы менен көбөйөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)