Жигердүү жаштар “Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинде билим ала баштады (видео)

Жигердүү жаштар “Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинде билим ала баштады (видео)
11-Апр. 2019, Бейшемби, 15:27

Нукура кыргыз журналистикасы” деген аталыштагы мектеп өз ишин баштап, анда ар кайсы жогорку окуу жайларда окуган жигердүү улан-кыздар билим алып жатат.

Долбоор “Көк асаба” агартуу жана маданият борборунун демилгеси жана “ИСУР” коомдук фондусунун колдоосу менен “Бирдиктүү Өнүгүү” коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.

“Көк асаба” коомдук-руханий гезитинин негиздөөчүсү, журналист Салтанат Кыдырмаева аталган мектептин жаралуу тарыхы тууралуу буларды айтты:

“Мектепти негиздөө жана анын максатынын пайда болушу биздин “Көк асаба” коомдук-руханий гезитинин көп жылдык тажрыйбасынан улам келип чыкты. “Кыргыз ким болгон? Ким болду? Ким болушу керек?” деген маселеге келгенде – биздин коомдо көрөңгөсү терең, адамдык парасаты бийик, көкүрөгүндө эл-жер деген күчтүү дем-дымагы бар журналисттер жетишсиз экен. Ал эми акылы тунук, абийири таза элдик журналист – бул коомду алга сүрөчү чоң күч эмеспи”.


“Нукура кыргыз журналистикасы” мектебинде окуу төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • Журналистиканын вазыйпасы (миссиясы)
  • Сабаттуу жана таасирдүү текст жазуу;
  • Журналистикадагы азыркы заманбап багыттар.

Негизги окутуучулар:

  • Марат Токоев
  • Данияр Исанов
  • Жыргалбек Касаболотов

(Сүрөт: www.jash.journalist.kg)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!