Сурабалдиева: Сүйүнчү пул алуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү токтоткула!

Сурабалдиева: Сүйүнчү пул алуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү токтоткула!
11-Апр. 2019, Бейшемби, 16:27

Депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын ишмердигин сынга алып, жарандар сүйүнчү пул алууга барганда бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтты.

«Мамлекеттик органдар эле кызмат кылабы же тескериби? Ата-энелер сүйүнчү пул алууга барганда, негизинен туулгандыгы тууралуу күбөлүк, ата-энесинин бирөөсүнүн паспорту жана банктагы эсеп керектелет экен. Бирок региондордо болсо үйдүн маалымкатын да (справка) талап кылып жатышат. Мам. Каттоо кызматы жаңы паспортту жасаганда ПИН менен чиптин ичине даректи, жарандыкты атайын киргизгени менен региондорду кыдырганда ошондой техника жок болуп, кайра үйлөрүнө жөнөтүп жатышат. Мен муну жоюуну талап кылам. Ушул жагдайга көңүл буруп, элдин жашоосун жеңилдетүүнү ойлосоңор. Кайра бюрократияны өнүктүрүп, олчойгон документтер үчүн ата-энелерди чуркаттырбай», деди Сурабалдиева

Эл өкүлү мындан сырткары, Сокулук районунун Асылбаш айылынын көптөн бери чечилбей келаткан көйгөйүн көтөрдү. Депутаттын айтымында, айылдагы 36 гектар жерде жашаган тургундардын 30 жылдан бери үйлөрүнүн документтери жок.

“Башкы планды жасатуу үчүн 1 млн. сом каражат керек деп дотациялык айыл өкмөттө акча жок болгондуктан Өкмөткө кайрылдык дейт. Бир топ жылдан бери айыл өкмөттө акча жок болгондуктан, маселе чечилбей жатат. Кредитке документ тапшырса да ала албайт экен. Балдарын каттоого документ сураса баары эле үйдүн документин сурайт. Бүтүндөй бир айылдын расмий каттоосу жок. Азыркы заманда бул нонсенс. Ушуну чечип бериңиздер”, – деди эл өкүлү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!