Абылгазиев: Мен да өзүмдү өзүм сындайм

Абылгазиев: Мен да өзүмдү өзүм сындайм
12-Апр. 2019, Жума, 12:05

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн 2018-жылдагы иши тууралуу отчетун угуп жатат.

Депутат Дастан Бекешов Өкмөт тарабынан билим берүү, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жумуш орун менен камсыздоо жаатында иштер алдыга жылбай жатканын сынга алды.

“Көптөгө жаш балдар менен сүйлөшүп жатам, үмүтү жок. Өзгөрүүлөрдү күтүп жатышат. Эртең эмес, 2025-жылы дагы эмес, бүгүн күтүп жатышат. Кайсы тармакты алба, бардык жерде проблема. Кылмыштуу топтордун аракети күчөп баштады же эмне милицияга бирөө күчтү бербей жатабы? Билим берүү системында китептер ката менен чыгып жатат. Саламаттык сактоо бекер деп жатабыз, бекер жок да ачык эле. Мен беш жылугуп жатам, 700 миң киши миграцияда жүрөт. Жаш балдар университетти бүтүп Европага кетип жатышат. Бул жакта жашайлыдесе айлык маяна төмөн же жумуш жок. Ушундай көйгөйлөрдү ким чечет, үмүттү ким берет? Радикалдуу реформаларды ким кылат?” – деди Бекешов.

Депутаттын суроосуна жооп берген премьер министр Абылгазиев айтылган сындарга кошула турганын жана жумушчу орундарды түзүүгө багыттталган кадамдар иштелип жатканын айтты.

“Мындай көйгөйлөр бар, мен да кошулам. Жаштарды жумуш менен камсыз кылуу тез чечилчү маселе эмес. Бирок, биздин өзүбүздүн жасап жаткан кадамдарыбыз жумуш орун түзүү, бизнеске жакшы шарттарды түзүп берүү, коррупциялык схемаларды жоюу, салыктык жеңилдиктерди берүү жана башка институттарды түзүүнүн баары жумушчу орундарды түзүүгө багыттталган кадамдар. Булардын жемиштери тез арада болбойт экен. Жумушчу орун түзүү менен гана чечилет, айлык маянасы пайда болот. Муну биргелешип иштешибиз керек. Сиз айтып жаткан син-пикирге мен да кошулам. Мен да өзүмдү өзүм ошондой сындайм, чечилбей жатканына, тез болбой жатканына сындайм. Бирок, бардыгыбыз аракет кылабыз. Максаттарды жүзөгө ашырууга болгон аракетибизди жумшайбыз”, – деди Абылгазиев.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияга “КСДП”, “Кыргызстан”, “Респулика Ата-журт” жана “Бир Бол” фракциясы кирген. Ал эми “Ата Мекен” жана “Өнүгүү прогресс” оппозицияда калган.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)