Президент Германияга иш сапары менен барат

Президент Германияга иш сапары менен барат
13-Апр. 2019, Ишемби, 18:00

15-16-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визити болот. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, визиттин алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары божомолдонууда.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы визити үчүн жакшы саясий негиз түзүлдү. Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык өлкө катары Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркелдин да, Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин да урматтоосуна жана колдоосуна ээ болгон», — деди Данияр Сыдыков.

Ошондой эле Кыргызстанга заманбап фитосанитардык лабораторияны куруу жана кыргызстандык адистердин Бавария фитосанитардык лабораториясындагы стажировкасы тууралуу маселе да иштелип жатканы айтылат. Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы изилдөөлөр чөйрөсүндөгү жана айыл чарба жана гидроэнергетика багытындагы адистерди даярдоо жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда.

Андан тышкары, Мамлекет башчысынын Германиядагы мекендештер менен жолугушуусу божомолдонууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)