Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады

Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылуу жасады
18-Апр. 2019, Бейшемби, 17:13

КСДП партиясынын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасады.

Ал өзүнүн кайрылуусунда Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрүнүн бузулган укугун тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле жасалган кылмышты токтоосуз жана калыс тергөөгө алууну талап кылды.

"КСДП тарабынан юстиция министри Жаманкуловдун жана аталган багытты тейлеген орун басары Есеналиевдин дарегине даярдалып жаткан укук бузуу туурасындагы анык маалымат күн мурунтан жана расмий түрдө жеткирилген. Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти жетектеген ири саясый партиянын расмий кайрылуусун көңүлгө алган жок жана ошондой эле акыркы жарым жылда КСДПнын тегерегиндеги кырдаалды коштогон коомдук резонансты ачык эле тоготкон жок”, - деди Атамбаев.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы Юстиция министрлиги тарабынан юридикалык тараптардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине партиянын жетекчисин жана КСДПнын юридикалык дарегин өзгөртүү бөлүгүнө жакында киргизилген өзгөртүүлөрдү мыйзамсыз деп эсептейт.

Юстиция министрлиги “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын юридикалык дарегин өзгөрттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Бек Борбиев
Бек Борбиев "Жаңы жыл жакшы ыр менен" аттуу концертин тартуулайт
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти