Сулайманов: Президент сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат

Сулайманов: Президент сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат
24-Апр. 2019, Шаршемби, 17:07

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов губернаторлорду жоюу боюнча маселени бир нече жолу көтөргөнү менен, премьер-министр тарабынан чечкиндүү кадамдарды жасабай жатканын сынга алды.

“Президент жыйында сүйлөп жатса, губернаторлор уктап жатат. Аларды жумуштан алыңыз. Алардын тагдырын май айынын ичинде чечиңиз. Чечпесеңиз Конституциядагы укугубуз менен биз сизге чечип беребиз. Жыйында уктаган губернаторлордун эмне кереги бар?” – деди депутат.

Премьер-министр Мухамммедкалый Абылгазиев административдик-территориалдык реформа жасалышы керектигин жана бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн айтты.

“Менин оюм боюнча бир звено ашыкча. Аны чогулуп чечели. Комиссияга кирген кээ бир адамдар “Райондор кереги жок, облус калып, айыл өкмөттөрдүн бардыгын ирилештириш керек” деп айтып жатат. Кээ бирлери “облустарды жойгула, райондор калсын” деп жатат. Ушунун баарын таразап, экономикалык жагын карап, ойлонуп чечели”.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Өкмөт 2018-жылдагы иштери тууралуу отчет берип жатат. Өкмөттүн азыркы курамы өзүнүн милдеттерине 2018-жылдын апрель айына баштап киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Кыргызстанда уйдун эти кымбаттады
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Фермерлерге 5.1 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
Кыргызстан-Венгрия: товар жүгүртүү 7 млн долларга бааланды
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
​Дүйнөгө белгилүү программист Ларри Теслер көз жумду
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
Төрага Дубай эмиратынын ханзаада мураскери менен жолукту
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
WSJ журналисттери аккредитациядан ажырады
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Германиянын Ханау шаарындагы ок атуудан он бир киши өлдү
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
Лимон беттеги кара тактарды кетирет
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
​Айпери Медет кызы Азия чемпионатында финалга чыкты
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Принц Гарри жана Меган Марклга ханыша тыюу салды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары кармалды
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши  дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Тажикстанда Кытайдан келген 700 киши дагы да болсо доктурлардын көзөмөлүндө
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
Музей кызматкерлеринин маянасын көтөрүү каралууда
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
«Ошэлектронун» кызматкерлери 50 миң сом пара менен кармалды
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
​“Уайлдер-Фьюри” басма сөз жыйынында жакалаша кетти (видео)
Франция эми имамдарды кабыл албайт
Франция эми имамдарды кабыл албайт