Кызыл-Омпол уран кенине атайын комиссия жөнөп кетти

Кызыл-Омпол уран кенине атайын комиссия жөнөп кетти
25-Апр. 2019, Бейшемби, 10:03

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеш Өкмөттүн отчетун угууну улантып жатат. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенине биринчи вице-премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү чыгып кеткенин маалымдады.

Анын айтымында, атайын комиссия жергиликтүү тургундар менен жолугуп, ал жакта иштеп жаткан ишкананын акыбалы менен таанышып кайтат.

Үч күн мурун уран кени боюнча ведомстволор аралык комиссия өзүнүн корутундусун берсин деп чечим кабыл алганбыз. Кечээки күндөн баштап техникалар чыгарыла баштады. Биздин талап боюнча ал жакта техникалар болбош керек. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Кен байлыктар боюнча комиссиянын төрагасы Осмонбетов, экотеинспекциядан Жунушев чыгып кетишти. Ошол жердеги эл менен жолугушуп, уран кенин чалгандап жаткан жердеги ишкананын акыбалы менен тааанышып, бизге маалымат берет.

Айрым жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер урандын казылышына караманча-каршы чыгышууда. Алар эгер уран кенин казылса, экологияга эбегейсиз зыян алып келет деп тынчсызданып жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!