Абылгазиев: Президенттин жыйынында уктаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөт

Абылгазиев: Президенттин жыйынында уктаган кызматкерлерге катуу чара көрүлөт
25-Апр. 2019, Бейшемби, 10:59

Бүгүн, 25-апрелде Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдагы аткарылган иштери тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатат.

Депутат Тынчтык Шайназаров президент катышкан форумда уктап калган кызматкерлерге кандай чара көрүлө турганына кызыкты.

“Жакында президентибиз Сооронбай Шарипович Ошто жыйын өткөрүп жатканда, бир топ жетекчилер уктап жатты. Аларга кандай чара көрүлөт?” – деди депутат.

Премьер-министр жыйында жетекчилердин уктап калганы уят көрүнүш экенин айтып, аларга катуу чара көрө турганына убада берди.

“Катуу чара көрүлөт. Ал окуя үч күн мурун болду. Биз бул жерде болуп жатабыз. Видеосун көрүп чара кабыл алабыз, бул уят иш болду”, – деди Абылгазиев.

Ал эми президенттин өкүлү Курманбек Дыйканбаев президент катышкан убакытта бир дагы жетекчи уктаган эместигин айтты.

“Сооронбай Шарипович 10:00дөн 12:00гө чеийн болду. Видеонун баарын көрүп чыктык, бир дагы жетекчи уктаган эмес экен. Туура эмес маалымат болуп жатат. Түштөн кийин да форум үч-төрт саатка уланган. Ошол убакта уктап кетсе, аткаруу бийлиги чара көрөт болуш керек”.

22-апрелде Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн “Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү” телекоммуникациялык форумунда уктап жаткан кызматкерлердин видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен. Видео интернет колдонуучулардын катуу сынына кабылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)