Парламент өкмөттүн отчетун жактырды

Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
25-Апр. 2019, Бейшемби, 15:10
Бүгүн, 25-апрелде парламент депутаттары өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды. Анда жыйынга катышкан 104 депутаттын 103ү “макул”, бирөө "каршы" добуш берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнүн баяндамасында 2018-жылы коомдук-саясий окуялар көп болгонун, ал эми Өкмөт үчүн макроэкономиканы турукташтырууда, социалдык кырдааалды жакшыртууда олуттуу сыноолорду алып келген мезгил болгонун айтты.

Өкмөт башчы экономика жаатында чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6 пайызга кыскарганын , ал эми ишканалардан жана уюмдардан салынган инвестициялардын көлөмү 50,1 млрд сомду түзүп, 36% өскөнүн маалымдады.

Премьер-министрдин айтымында, инвестициялардын басаңдашы – бул биздин эле эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы маселе.

“Чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн долларды түзүп, 7,6%га кыскарган, ошол эле учурда Кыргызстандан инвестициялардын чыгып кетиши 2017-жылга салыштырмалуу 27,7%га, же 200 млн долларга азайган. Инвестициялардын басаңдашы – бул биздин эле эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы маселе. Дүйнөлүк масштабда түз чет элдик инвестициялар 19%га төмөндөгөн”, – деди Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөткө губернаторлорду жоюу сунушун киргизди. Ошондой эле учурда коомдун көңүлүн бурган уран маселесине токтолгон депутаттар Алманбек Шыкмаматов, Дастан Бекешов жана Алтынбек Сулайманов уран кенин 2070-жылга чейин иштетүүгө жана чалгындоого мораторий киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун сунуштады. Бүгүн биринчи вице-премьер министр башында турган Өкмөт мүчөлөрү Кызыл-Омпол уран кенине жөнөп кетишти.

Жыйынды сөз сүйлөгөн Мухаммедкалый Абылгазиев отчетту кабыл алып берген депутаттарга ыраазычылык билдирип, айтылган сын-пикирлерди туура кабыл ала тургандыгын кошумчалады.

Өкмөттүн азыркы курамы өзүнүн милдеттерине 2018-жылдын апрель айынан баштап киришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)