Кызыл-Омпол уран кени өкмөттүн саясий эркин сынады

Кызыл-Омпол уран кени өкмөттүн саясий эркин сынады
29-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 11:02

Кызыл-Омпол уран кенинин казылышына караманча-каршы каршы чыккан активисттердин акциялары дагы деле уланып жатат. Алар уран казыла баштаса, экологияга эбегейсиз зыян алып келет деп тынчсызданып жатышат.

27-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин казылышына каршы митинг да өттү. Анда Кыргызстандын аймагы боюнча уранды казуу иштерине биротоло тыюу салуу, ошондой эле буга чейин уран кенин чалгындоого берилген 35 лицензияны токтоосуз түрдө жокко чыгаруу талабы айтылды.

Уранга каршы “ураандар” уланууда

“Биз Ысык-Көлдөгү урандын казылышына каршыбыз” деген аталыштагы петицяга кол койгон адамдардын саны арбыды. Учурда 29 341 адам онлайн түрүндө кол койду.


Ал эми “Жашылдар” партиясы уран кенинин казылышына нааразычылык акциясына чыгууну пландап жатат. Бирок Биринчи май райондук соту Ала-Тоо аянтына эмес, Горький сейил багына митинг өткөрүүгө уруксат берген.

“Жашылдар” партиясы мындай чечимге макул эместигин “Азаттыкка” билдирди.

Өкмөттүн күттүргөн кадамы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кызыл-Омпол уран кени боюнча жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынганын жана уран казуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын кабарлады. 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрүп, Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырган эле.

Социалдык тармактарда "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесине ылайык 2852 МР лицензиясынын негизиндеги “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын жер казынасын пайдалануу укугу токтотулгандыгы тууралуу кат тарады.

Ал катта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Аймамат Кадырбаевдин колу коюлган.


Кызыл-Омпол уран кени административдик жагынан Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна жана Нарын облусунун Кочкор районуна кирет.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына таянсак, Кызыломпол лицензиялык аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүүзүүгѳ "UrAsia in Kyrgyzstan" (Кыргызстандагы ЮрАзия) компаниясына 2010-жылы эле лицензия берилген.

Компаниянын негизги изилдѳѳ объекти болуп Таш-Булак чачылмасы болуп эсептелет.

Аныкталган запастары: уран 3,5 миӊ тонна, торий- 8,54 миӊ тонна, фосфор - 10 миӊ тонна, цирконий - 34 миӊ тонна жана титан-магнетит - 1,6 млн. тонна. Радиоактивдик кумдардын негизги массасы кесиктин ѳйдѳнкү бѳлүгүндѳ 25 метр тереңдикте турат.

Юстиция министрлигинин сайтында "UrAsia in Kyrgyzstan" (" Кыргызстандагы ЮрАзия ") жоопкерчилиги чектелген коому 2015-жылы кайра каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн.

Аталган компаниянын алты негиздөөчүсү бар.


Кантип казылып, кантип ташылмак?

Компания сунуштаган Таш-Булак чачылмасынын иштетүү ыкмалары – кумдарды гравитациялык жолу менен тазалоо . Бул – экологиялык таза ыкма деп ишендиришүүдө. Маалыматта эч кандай реагентттер, техникалык суудан башка колдонулбай тургандыгы айтылат:

“Казып алынган радиактивдүү кум Кара-Балта тоокен комбинатына кайра иштелип чыгууга жөнөтүлөт, гидрометаллургиялык процесстен кийин уран, торий, титаномагнетит, цирконий жана пятиокись фосфор элементтери пайда болот. Бардык тазаланган материал бир жерге салынып, рекультивацияланып, анын ордуна жайыттарды калыбына келтирүү үчүн топурак-ѳсүмдүк катмарын калыбына келтирилет жана кѳп жылдык чѳптѳр отургузулат”

Ошондой эле концентраттар кооптуу жүктү ташуу техникалык регламентине ылайык , радиоактивдүү коопсуздукту сактаган атайын контейнерлерде темир жол менен ташыла тургандыгын айтышкан.

Эл өкүлдөрүнүн элди ойлогон мыйзамы

Депутаттар – Алмамбет Шыкмаматовдун, Алтынбек Сулаймановдун жана Канат Керезбековдун уран кендерин иштетүүгө жана чалгындоого 50 жылга мораторий киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, 2007-жылга чейин өлкө аймагындагы уран кендеринчалгындого жана казууга уруксат берилбейт. Ал эми буга чейин берилген лицензиялар күчүн жоготот.


Ата Мекен фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов аталган мыйзам долбоор колдоо табат деген пикирде:

“Кызыл-Омполду гана эмес, Кыргызстандын бардык жеринде уран казууну токтотуу тууралуу мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга илдик. Мен ойлойм, депутаттар колдоп бере албай койбойт, президент кол коет. 50 жылга мораторий кирет деп ишенем. Бирок жалпы элге, элдин биримдигине таазим этиш керек, Кызы-Омполду токтотуп калган эл болду”

Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Расул Үмбөталиев чалгындоо иштерине 10 жылга лицензия берүү – мыйзамга туура келбеген көрүнүш деп эсептейт:

“Чалгындоо иштерине лицензия эч качан 10 жыл убакытка берилбейт. Болгону 1, 2 жылга гана берилет. Бул аралыкта чалгындоо иштери жүрбөсө, лицензияны кайра алып коет. Бүгүнкү күнү мекемелер аралык комиссия чечим чыгарып, лицензияны кайтарып алышы керек. Толугу менен кендин ишмердүүлүгү токтотулушу керек. Уран кени бардык жаратылышка, көлүбүзгө зыян. Нарындын, Ысык-Көлдүн жарандарынын ден-соолугуна түздөн-түз таасири тиет”

Маалымдама:

"Кыргызстандагы ЮрАзия " компаниясы чалгындоо прораммасына жалпысынан 271 млн сомдон ашык акча каражат сарптоону мерчемдеп жаткан эле. Таш-Булак кенин иштетүү программасына жалпы 10 млн АКШ доллардан кем эмес акча каражат сарпталмак. Программада Кара-Балта тоо-кен комбинатын 25 жыл иштетүүгө белгиленген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)