Президент «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койду
30-Апр. 2019, Шейшемби, 10:45

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан ушул жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Бул Мыйзам ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, алардын бажы аймагында же анын чегинен тышкары туруусунун жана анын пайдаланылуусунун тартибин жана шарттарын, товарларды бажы аймагына алып келүүгө жана алып чыгууга, товарларды убактылуу сактоо, декларациялоого жана чыгарууга , ошондой эле бажы операцияларын жүргүзүүгө байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!