Жогорку сот Текебаев менен Чотоновду абакта калтырды

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновду абакта калтырды
3-Май 2019, Жума, 11:58

Бүгүн, 3-майда жаңы кабыл алынган мыйзамдарга жана жаңы жагдайларга ылайык, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев жана мурунку Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотоновдун "Мегакомго" байланыштуу иши Жогорку сотто каралды.

Текебаев менен жактоочулары буга чейин чыккан соттун чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого өтүнүчүн келтирди. Мамлекеттик айыптоочу жактоочулардын сөзүнө макул эместигин билдирди.

Натыйжада ишти караган судья Текебаев менен Чотоновдун жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

“Текебаев менен Чотоновго колдонулган үй-мүлкүн кофискациалоо жазалары алынып салынсын. Сотук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылсын. Токтом акыркы, даттанууга жатпайт”, – деди судья.

23-апрелде прокурор судьяга материалдар менен таанышып чыгуу үчүн соттук отурумду башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн келтирип, судья өтүнүчтү канааттандырып, отурумду 3-майга дайындаган эле.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновго орус ишкери Леонид Маевскийден “1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот сегиз жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Леонид Маевский өзү “бирөөгө шек келтире турган маалыматты жайылтпоо үчүн 37,5 млн. доллар пара алган” деп айыпталып камакка алынган.

(Сүрөт: Азаттык)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)