Уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат

Уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат
7-Май 2019, Шейшемби, 10:18

“Кыргызстандын аймагында геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңеште коомдук угуу өтүп жатат.

Мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар - Алманбет Шыкмаматов, Алтынбек Сулайманов, Канат Керезбеков.

Коомдук угууга өкмөт өкүлдөрү, жарандык активисттер жана Ысык-Көл облусунун тургандары катышып жатат.

Аталган мыйзам долбоор калктын ден соолугун, жерлерди, суу обьектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, ошондой эле радиациялык жана экологиялык коопсуздукка укуктарын камсыз кылууга багытталган.

27-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин казылышына каршы митинг өтүп, анда Кыргызстандын аймагы боюнча уранды казуу иштерине биротоло тыюу салуу, ошондой эле буга чейин уран кенин чалгындоого берилген лицензияларды токтоосуз түрдө жокко чыгаруу талабы айтылган.

Кызыл-Омпол уран кени административдик жагынан Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна жана Нарын облусунун Кочкор районуна кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР