Касымалиева: Доо арызды кайтарып алуу – мамлекет үчүн коррупциядагы жеңиш эмес!

Касымалиева: Доо арызды кайтарып алуу – мамлекет үчүн коррупциядагы жеңиш эмес!
8-Май 2019, Шаршемби, 11:09

Доо арызды тартып алуу – биздин мамлекет үчүн коррупция менен күрөштө жеңиш эмес! Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эл өкүлү Оштогу ишкер Жалил Атамбаевдин журналист Ыдырыс Исаковго карата жазган арызын кайтарып алганы менен бул маселеге чекит коюла элек дейт.

“Сиздерден дагы, коомчулуктан дагы “журналисттер аша чаап кетти”, “журналисттер ушак, каралоо менен алек” деген сөздөрдү көп угам. Бирок биз бир нерсени айырмалап алсак. Демократиянын эң башкы өзөгү – сөз эркиндиги. Журналисттик иликтөөнү биз ушактан, бир тараптуу маалыматтан, каралоодон, кандайдыр бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгынан айырмалай билишибиз керек. Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүндө ачык маалыматтардан, эч кимдин беделине доо кетирбей, ишкерлердин канча салык төлөп жатканы боюнча чагылдырып берген. Эгерде биз ушундай журналисттик иликтөөнү каралоо менен аралаштырып салсак, анда артка кете беребиз”, – деди А.Касымалиева.

Аида Касымалиева ошондой эле Жалил Атамбаевдин маселесин, уран маселесин да парламент көтөрүп чыкпаганын сынга алды.

“Уран маселесин, ошол эле Жалил Атамбаевдин маселесин парламент көтөргөн жок. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Уран маселесин эл көтөрдү. Ушул жерде уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбоор боюнча коомдук угуу дагы болду. Андан кийин гана парламент реакция жасап жатат. Орчундуу маселелерди күчтүү журналисттер көтөрбөсө, парламент тилекке каршы, көтөрө албай жатабыз”

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнө жазган арызын кайтарып алганын анын жактоочусу Шумкарбек Абжапаров билдирген.

Андагы маалыматта Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду кечиргени айтылат.

"Доо арызды кайтарып алдык. Бул боюнча 7-май күнүшаардык сотко өтүнүч бердик. Жалил Атамбаев ыйык Орозо айында кечирдим, соттошпойм деди"

Ыдырыс Исаковдун “Ош: салыктан буйтаган ишкерлер” аттуу журналисттик иликтөөсүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын айынан жыл сайын 40 миллиард сом салык казынага түшпөй калганы, Ошто эң бай адам катары айтылып жүргөн Жалил Атамбаевге байланышы бар делген фирмалардын салыктары баяндалган.

Жалил Атамбаев журналисттен моралдык чыгым катары 50 млн. сом өндүрүп берүү арызы менен Ош шаардык сотуна кайрылган эле.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) журналисттик иликтөө боюнча Финансы полициясынын жетекчиси Бакыт Таировдун буйругу менен ыкчам-тергөө тобу түзүлгөнүн кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду