Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө сый акы чектөө демилгеси көтөрүлдү

Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө сый акы чектөө демилгеси көтөрүлдү
14-Май 2019, Шейшемби, 14:48

Жогорку Кеӊештин тармактык комитети судьяларды тандоо боюнча кеӊештин мүчөлөрүн материалдык жактан колдоо максатында иштелип чыккан “ Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев.

Демилгечилердин айтымында, сунушталган мыйзам долбоорунун негизги максаты – судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн материалдык сыйакы менен камсыз кылуу. Кеңештин иштөө убагында анын мүчөлөрү өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат жана алардын негизги иш орду боюнча эмгек акысы сакталат.

“Судьяларын тандоо боюнча кеңешке мүчө адвокаттардын өз кесиби боюнча иштөөсүнө тыюу салынгандыктан, материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам, аларга айына 25 миӊ сомдон сыйакы чектөө сунушталууда. Эгерде кеӊештин мүчөсү кызматта иштесе, ага сыйакы төлөнбөйт. Мыйзам долбооруна Өкмөттүн каршылыгы жок”, - деди баяндамачы.

Мурда Судьяларын тандоо боюнча кеңештин 24 мүчөсү болгону, азыр ал 9 адамга чейин кыскарганы белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду