Жанар Акаев: “КТ Мобайл” компаниясынын артына ким тургандыгын текшериш керек (видео)

Жанар Акаев: “КТ Мобайл” компаниясынын артына ким тургандыгын текшериш керек (видео)
15-Май 2019, Шаршемби, 15:05

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

“Эмне үчүн мамлекеттик ишкана дагы бир мамлекеттик ишканага жөн эле жерден 345 млн. сом алыш керек? “КТ Мобайлдын” артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек. Менимче, парламент буга өзүнчө коммиссия түзүш керек” – деди Ж. Акаев.

Ал эми “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Имакадыр уулу социалдык тармактарда директордун орун басары 300 миң сом айлык алат деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айткан.

“Социалдык тармактарда биздин айлык маяна боюнча маалыматтар тарап жатат. Мен расмий түрдө айткым келет, бизде маянанын жогорку суммасы 157 миң сомду түзөт. Эң аз айлык 18 миң сом, орточо айлык 35-40 миң сомду түзөт. Бул жерден сиздер телекоммуникациянын рыногунда эң чоң атаандаштык бар экенин түшүнүшүңүздөр керек. Кызматкерлердин иш сапатына, айлык маянасына акчаны аео – акылсыздык. Башкача айтканда, аз айлыкка сапаттуу иштешпейт”

“Кыргыз телекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан. “КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок учурда эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп турат. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болууну көздөп жатканы себеп болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду