«КТ Мобайлдын» директорунун орун басары кызматынан кетти

«КТ Мобайлдын» директорунун орун басары кызматынан кетти
16-Май 2019, Бейшемби, 11:29

«КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Имакадыр уулу өзү берген арызынын негизинде кызматынын кеткени белгилүү болду. Буга чейин социалдык тармактарда анын айлык маянасы 300 миң сомду түзөт деген маалыматтар тараган. Эрназар Имакадыр уулу бул маалыматты “фейк” деп атап, «КТ Мобайл» компаниясында эң жогорку айлык 157 миң сомду түзөрүн айткан.

Кечээ, 16-майда депутат Жанар Акаев “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

“Эмне үчүн мамлекеттик ишкана дагы бир мамлекеттик ишканага жөн эле жерден 345 млн. сом алыш керек? “КТ Мобайлдын” артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек. Менимче, парламент буга өзүнчө коммиссия түзүш керек”

Ал эми «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастай тургандыгын өкмөт башчынын басма сөз катчысы “Азаттыкка” Адилет Султаналиев билдирди.

- Бирок Рысалиевдин уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетиши керек деп эсептейт, - деген ал.

“Кыргыз телекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан. “КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок учурда эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп турат. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болууну көздөп жатканы себеп болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР