Рысалиев: Менин жүрөгүм кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин

Рысалиев: Менин жүрөгүм кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин
16-Май 2019, Бейшемби, 14:23

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев өзү жөнүндө интернет сайттарда тарап жаткан маалыматтарды төгүнгө чыгарды.

Ал суракка чакырылбагандыгын, жана саламаттыгы жакшы экенин баса белгиледи:

Интернет сайттарда “Рысалиевдин жүрөгү кармап, жаман болуп жатыптыр” деген маалымат кетип жатат. Бул жерде жакшынакай эле турам. Тирүүмүн. Суракка барган эмесмин. Менин жүрөгүм кармап өлүп кала тургандай жөнөкөй киши эмесмин. Элге туура кабар берсеңер. Отуруп тур десеңер, отуруп турайын, отжимание кыл десеңер, отжимание кылайын. Эмне кыл десеңер кылып берейин. Ушундай маалымат жөнөткөн уят да?!

Айрым интенет сайттар депутат Зарылбек Рысалиев суракка чакырылгандан кийин анын ден-соолугунун абалы начарлап кеткендигин жазып чыгышкан.

Крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР