Бүгүн "КТ Мобайлдын" ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отуруму болот

Бүгүн
17-Май 2019, Жума, 10:02

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган:

“Эмне үчүн мамлекеттик ишкана дагы бир мамлекеттик ишканага жөн эле жерден 345 млн. сом алыш керек? “КТ Мобайлдын” артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда, өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек. Менимче, парламент буга өзүнчө коммиссия түзүш керек”

Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлдү. Комиссия бир ай ичинде депутаттарга өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

“КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Имакадыр уулу өзү берген арызынын негизинде кызматынын кетти. Буга чейин социалдык тармактарда анын айлык маянасы 300 миң сомду түзөт деген маалыматтар тараган. Эрназар Имакадыр уулу бул маалыматты “фейк” деп атап, “КТ Мобайл” компаниясында эң жогорку айлык 157 миң сомду түзөрүн айткан.

Ал эми “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастай тургандыгын өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев “Азаттыкка” билдирген”

“Рысалиевдин уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетиши керек деп эсептейт”

“Кыргыз телекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, «Мегакомдун» жана «Кыргызтелекомдун» жетекчилери менен эки компаниянын ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Мегаком» “КТ Мобайл” менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантары белгилүү болду. Бул үчүн «Мегаком» өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот. Ошентип, «Мегаком» Кыргызстандын рыногунда “Salam” бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун бир айдын ичинде ишке киргизүү милдетин өзүнө алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Сот-укуктук реформаны ишке ашырууга катышкан маморгандардын жолугушуусу болду
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
Кыргызстанга акча которуунун саны дээрлик азайды
 Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Назира Айтбекова: “Күлсөм, жарыла күлөм”
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Алты жаштагы бала өлгөн энесинин жанында 5 күн ачка отурган
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Шаршеев: Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу пикирге келдик
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Беттин терисин тартылыштыруучу кытай маскасы
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Бишкекте гараж, магазин, контейнерлер күйүп кетти
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында финалга чыкты
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
Мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү тартипке келтирилет
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
​Килиан Мбаппе 275 миллион еврого “Реалга” өтөт
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
20-сентябрь: абанын температурасы +32 градус болот
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
12 жаштагы жоголгон бала 3 күндөн кийин табылды
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
​Футбол учурунда стадиондо өрт чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Сүйүнбай Жанибеков турмуш тууралуу ырдап чыкты (видео)
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Табышмактуу оору кичинекей кыздын боюн өстүрбөй койгон
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот
Иранга карата санкциялар 48 саатта белгилүү болот