Түлөбаев: Мэрдин кеңешчиси мыйзам чегинде тартиптик жазасын алат

Түлөбаев: Мэрдин кеңешчиси мыйзам чегинде тартиптик жазасын алат
21-Май 2019, Шейшемби, 10:57

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мэр Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетова тиешелүү жазасын ала турганын өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Урматтуу эл журт!
Калаа башчыбыздын коомдук башталгычтагы кеңешчиси Гуля Алманбетованын бүгүнкү социалдык тармактагы, талкууланып жаткан посту боюнча пикирибиз:
Бул коомго терс сөздөрү үчүн кечирим сурайбыз.
Ал анын жеке пикири мэрибиз Суракматовдун жана Бишкек шаардык мэриясынын пикирин билдирбейт. Мыйзам чегинде иш тартиптик жазасын алат. Бишкек шаардык мэриясы коомго терс көрүнүштөрдү, сөздөрдү, кыймыл аракеттерди колдобойт. Сиздердин боорукерлигиңиздерге жана кечиримдүүлүгүңүздөргө ишенүү менен, терең урмат сыйыбызды кабыл алыңыздар!

Кийим кийүүдөгү, өзүн алып жүрүүдөгү Европанын демократиясы кыргыз кыздарын туура келбей турганын айткан депутат Махабат Мавлянова кыздарды тойго ачык кийип кийип барбоону, кыргыздын каада-салттарын сактоону өтүнгөн эле.


Ал эми мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова депутат Махабат Мавляновага өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына “уят сөз” менен жооп кайтарган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!