Курманбек Бакиев Орусияда ооз ачар уюштурду (видео)

Курманбек Бакиев Орусияда ооз ачар уюштурду (видео)
21-Май 2019, Шейшемби, 11:39

Качкын президент Курманбек Бакиев 18-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мекендештерге ооз ачар уюштурду. Бул тууралуу Курманбек Бакиевдин тарапташы Аскат Тейит билдирди.

Анын айтымында, ооз ачыруу кечеси Орусиянын башка шаарларында да өтөт.



2018-жылдын 4-июн айында да Москвадагы ресторандардын биринде Курманбек Бакиев кыргыз эмгек мигранттарына ооз ачуу өткөргөн. Анда Бакиевдердин атынан ооз ачууга Жаныш Бакиевдин уулу – Асылбек Бакиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөгөн.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков Беларусь парламентинин Төрагасы Владимир Андрейченко менен болгон жолугушууда Бакиевдерге байланышкан маселени көтөрдү.

Төрага мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларусь Республикасында кармалып турушу жана анын коомдук иштерге тартуулусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгилеген.

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен Бакиевдердин үй-бүлөсү учурда Белорусия өлкөсүндө жашап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!