Каныбек Иманалиевдин “Каганат” китеби англис тилинде басылып чыкты

Каныбек Иманалиевдин “Каганат” китеби англис тилинде басылып чыкты
21-Май 2019, Шейшемби, 17:02

Кембридж университетинде депутат Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылып чыккан «Каганат» китебинин бет ачар аземи болуп өттү.

Адегенде Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов сөз алып, китеп жөнүндө кыскача оюн айтты.

Иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Жапония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн Кембридж университетине келип, окуп жана иштеп жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышты.

Ошону менен бирге, Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, кыргыз тарыхы жөнүндө баяндама жасаса, Садык Шер-Нияз англис тилинде улуттук маданияттын өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы мааниси жөнүндө өз ойлорун билдирди.

Иш-чара катышуучулары тарабынан Кыргызстандагы билим берүү жана туризмге, Кыргызстандын «Бир кур – бир жол» программасына катышуусуна, парламентаризм жана демократиялык өнүгүүгө, ошондой эле гендердик маселелерге байланыштуу арбын суроолор берилди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!